Ош облусундагы Араван районунун акими Курманбек Айтибаевден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу SUPER.KG өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбековага байланышканда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, аким 15-июнь күнү дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерден кеңеш сурап кайрылган.
"Ал COVID-19га карата анализ тапшырып, кечээ, 18-июнда коронавирус аныкталды. Анализи эле оорунун бар экенин көрсөтпөсө, аким өзүн жакшы эле сезип жатат. Ооруканага изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Акимчиликтеги бардык кызматкерлер анализ тапшырышууда. Курманбек Айтибаев карантин учурунда активдүү иштеди, 2019-жылы Ош облусундагы мыкты аким деп табылган", - деди Кадырбекова.
Интернет колдонуучулардын бири президент Сооронбай Жээнбеков 10-11-июнда Ош облусуна иш сапар менен барганда, Аравандын акими коштоп жүргөн деп жазган.
Бул боюнча өкүлчүлүк: "Аларды губернатор тосуп калган. Калган маалыматтарды өкмөт менен президенттик аппараттын бергени туура болот", - деди ал.