Назарали Арипов парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булагыбыз билдирди. Айта кетсек, буга чейин аталган фракцияны башкарып келген Алтынбек Сулайманов 6-сентябрда лидерликтен бошотулган болчу. "Республика" фракциясынын парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирүү дымагы бар экени белгилүү. Ал үчүн фракциянын лидеринин алмашуусу роль ойной турганы да айтылып келген эле.
Назарали Арипов
1970-жылы, 28-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган.
Билими жогорку, Ош технологиялык университетин аяктаган.
Эмгек жолун 1990-жылы "Волжск автомобиль заводунда" катардагы жумушчу болуп иштеп баштаган.
1994–1997-жылдары "Эрдик" менчик ишканасынын директору
1997–2011-жылдары жеке ишкер
2001–2003-жылдары "Прагма Инк" ишканасынын директору
2003–2009-жылдары "Гефест" ишканасынын директору
2007-жылы – Ош шаардык кеңешинин депутаты
2009–2010-жылдары КРнын Өкмөтүнүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун аймактык башкармалыгынын Ош шаары боюнча директору
2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин депутаты. Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары. Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.