Көпчүлүккө белгилүү "Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!) мультфильминдеги карышкыр ден соолугун чыңдап, жаңы жашоо баштайт жана мультфильмдин жаңы сериясында жаңы образ менен чыгат. Бул тууралуу "Союзмультфильм" киностудиясынын директору Борис Машковцев орусиялык басылмаларга билдирген.
"Мультфильмдин уландысында карышкыр такыр башка образ менен чыгат. Мультфильмдин уландысында карышкыр тамеки чекпейт. Эгерде азыр карышкыр тамеки чексе, маалымат бурмаланып калат. Карышкырдын сүрөттөлүшүн заманбап көрүүчүлөргө жеткирүү үчүн, биз таптакыр башка белгилерди колдонушубуз керек", - деген Машковцев.
Мындан тышкары "Сениби, шашпа!" мультфильминде дагы башка каармандар пайда болот. Азыркы учурда жаңы каармандарга үн коштоочу актёрлёр изделип жатат.
Эске салсак, "Сениби, шашпа!" мультфильми алгачкы жолу экранга 1969-жылы чыккан. Мультфильмдин 50 жылдык юбилейине карата жаңы сериясы экранга ушул жылы чыгышы күтүлүүдө.