Америкалык Johnson & Johnson компаниясы бетти агартуучу бет майларды сатыктан алат

Белгилүү америкалык Johnson & Johnson компаниясы Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн теринин түсүн агартуучу бет майларды сатыктан алууга даяр. Бул тууралуу "New York Times" басылмасы жазып чыкты.

"Акыркы учурда болуп өткөн окуялардан кийин биздин компаниянын айрым бет майларынын аталышы жана анын түшүндүрмөсү теринин ак жүздүү болгону адамдын табигый түсүнө караганда жакшы деген мааниге жакын болгондой туюлат. Мындан улам теридеги кара тактардан арылуу жана бетти агартуучу бет май каражаттары болгон "Neutrogena" жана "Clean & Clear" сатыктан алынат", - деп билдиришкен компаниядан.

Буга чейин теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүнө байланыштуу АКШнын бир катар шаарларында нааразычылык акциялары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2020-06-20 17:09:35
Это уже маразм!бир азда териси ак тугойдон ак терилуу бала торолсо деле негрлар ыйлактап чыкпаса болду расизм деп!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан