"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8 миллион 769 миң 383кө жетти

Бүгүн, 21-июнь саат 9:00гө карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 8 миллион 769 миң 383 адамга жетти.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн дээрлик бардык бөлүгүн каптап жаткан инфекциядан улам жер жүзүндө 464 миң 29 адам көз жумду. Ал эми бул илдеттен 4 миллион 347 миң 584 бейтап айыгып чыкты.

Кайрадан эле эң көп оору жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда вирус 2 миллион 254 миң 630 адамга жукту. Кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 32 миң 913, Орусия - 576 миң 162, Индия - 395 миң 48, Улуу Британия - 304 миң 580 адамдан коронавирус аныкталган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан