Бишкектин Бах көчөсүндө автокырсык болуп 2 адам көз жумду

Бишкектин Бах көчөсүндө жол кырсыгы болуп, айдоочу жана бир жүргүнчү каза тапканын Бишкек ШИИБи кабарлады. Окуя 10-сентябрда саат 05:00 чамасында болду. Ауди унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзгөнү айтылууда. Унаа жогорку ылдамдыкта бара жаткандыктан ичиндеги экөө окуя болгон жерден эле көз жумду, өздүгү азырынча тактала элек. Алардын денеси шаардык өлүк кармоочу жайга жеткирилгенин билдирет аталган мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан