Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөнү айтылды. Ырчы бул боюнча эмне дейт?

Өзүн "кыргыздын деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбек укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөнү анын мурдагы жолдошу тарабынан белгилүү болду. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, ырчыга карата "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке жогорудагы маалымат боюнча байланышканыбызда буларга токтолду.

"Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам.

Мен башка өлкөдө болсом дагы бардык тиешелүү иштерди жасайм, аягына чейин күрөшөм", - дейт ал.

Ырчы айым мурдагы жолдошу экөөнүн чырын баяндаган кыска видео тартып, анда президенттен жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Dushabolna
2020-06-21 12:52:54
Акчасын акырындан толоп атам деди го. Неге берет сотко. Бул аял бааашта офисте иштейм, ушул жерде жатам, экономдойм акчамды. Деп акылдуу болуп офистерин коргозуп атпады беле. Бул ОЗУ не иш кылат экен. Куйоосу да балдарын бере койбоду же, балдарын кучактап Бир аз уйдо тынып калар беле?
+3
bond02
2020-06-21 13:01:33
Кармап ары киргизип койгулачы, кыргыз эли бир аз жатып эс алсын жайдын ысыгында.
+8
d07
2020-06-21 13:18:28
Куйоосу бир айтты эле интервьюсунда бул аялга килтейген жин кирип алган деп окутуп койсо эле сакайып кетет деп, балким туурудур
+16
Aliar1
2020-06-21 13:51:04
Ошончун кыргыздын менталитети менен эле жашаш керек.Бул бизге батыштын шайтан азгырган эркектен аял ойдо турган жашоосун алып келмекчи болгон адашпасам.Экинчиден ата эне бир туугандардан башын кокко жетип турса дагын эч качан мамилени узбош керек бир укканым бар катташпай койгонун.Ошол катачылыктар болбогондо эркектен озун ойдо сезбей куйоосун угуп жашаганда башкача болот беле жашоосу
+8
Ernisbii
2020-06-21 14:11:33
Көрө албагандай болуп жазганыңар туура эмес туугандар ал Гүлзаттын өз иши жашоодо баардык адамдын башында өөдө төмөн болот. Гүлзат кылган иштерди баарыбыздын колубуздан келе бербейт Кудай сактасын бузулуп кеткен кыз эмес наоборот колунан келишинче элине жардам берип жүрөт болгону тартынбаган мүнөзү бар экен кыз киши болсо да акыркы Оренбургдагы мигранттардын жанынан кетпей колдоп жүргөнү азаматтыгын көрсөттү чоңдордон бирөө келген жок.Жакшы жактарыбызды жазып туралыкчы Туугандарым!
-5
Farra16gsin
2020-06-21 14:54:39
Алдамчылыка шектелсе анда иштин бүткөнү эми тур турагой Гүлзат карыздарың берегой четинен ато сизодон туралбай каласың мотивация эчким бербейт ал жактан ага жеткирбе берекем
+9
Agayu
2020-06-21 14:56:53
Туугандар сөз мындай болсун ! Г Мамытбек кызы Москвадагы мигранттарга өтө жардам берди , анысы аз келгенсип Оренбурга барып дүнүйөгө дүр салды , англисче, орусча , казакча сүйлөп Шосго , ВОЗ го да жэтти деп биздин Чиновниктер коркту. Эгер Гульзат болбогондо , Кыргызча эле сүйлөп кайрылганда Чиновниктер мынчалык тез реакция кылбайт болчу , себеби эч ким түшүнбөйт .Мигранттар бомждан да хужэ болмок .Ошончун бийликке да шылтоо керек жок кылыш керек Гүлзаттай адамдарды .Терең ойлонуп жазгыла да
-6
Birimdik5555
2020-06-21 15:48:12
Agayu,эн туура жаздын кошулам
-8
bond02
2020-06-21 17:04:09
Agayu,сага ким айтты Гулзаттын кучу менен келди мигранттар деп, же андан башка кыргызда англисче орусча суйлогон адамды коро элексинби.
+11
taalay25
2020-06-21 18:01:09
Agayu,башынды иштетчи кичине,
+8
Mister-X
2020-06-21 21:17:14
Agayu,Гүлзаттай болуу баардык адамдын колунан келет.Бирок элде уят,намыс бар.Мен элдин деми,планетанын деми болом деп кудай болуп алыптыр.Эми сен ошентип жалган сүйлөгөнгө кудуретин жетеби?Жок,себеби сенде,элде ыйман бар.Элге шерменде болгусу келбейт.А Гулзат уят,намыс калган эмес.Эл шылдыңдап жатса да туура кылып жатам деп ойлойт.
+4
natasha00
2020-06-22 03:07:46
Agayu,ууууф Элди 1 тупой ойлойт окшойсун))) Гулзатты как Кудай кылып жазыпсын го? Гулзат Москвада кайсы акчасы мн жардам берди?
+2
Kylychisa
2020-06-21 16:53:54
Бир эле жемелеп каласынар бир эле молодец деп мактап каласынар адамдарга тушунуп болбойт .
-4
Ulukmyrza070809
2020-06-21 17:32:20
Бул артист жаны эле видеосу менен чыкканда тан калып,ушу кантип болсун деген элем. Тааныш эле адамдар тим эле укмуш коруп алышканда айткамын бул аялга ишенбегиле деп. Азыр айтсам уялып калышат. Мына аягы кандай болуп жатат.
+8
Adi010891
2020-06-21 19:34:30
Мурдагы куйоон арыз жазгыла десе эле жаза калгыдай инвесторлорун жаш бала эместа! Озун косяка илингендирсин инвесторлоруна, анан жазыштыда
+9
0001KG
2020-06-21 21:31:34
Акшга виза жасап берем деп 8000$ дан алып, анан виза жок, же акча жок калган адамдар унчукпай эле жүрүшөт, эгер аларда арыз жазса бул афиристин күнү бүтөтко)). Короче Кыргыздарды ушундай бузукулардан Кудай сактасын. Ошол москваңдале жүрө берчи Крга келбей эле.
+8
Nourlan
2020-06-21 21:40:00
Бул Гүлзат,америкалык Рон Хаббард деген афферист түзгөн саентология деген сектанын мүчөсү. Саентологдор ар кандай лекцияларды окуп, ийгиликтин сырларына үйрөтөм деп, жөнөкөй элдердин башын айлантып акча жыйноо менен аракеттенишет. Гүлзат эжекебиз кыргыз тилинен бөлөк тилдерде эркин сүйлөй албагандыктан кыргыз тилдүү аудиториядан акча жыйнай албай оозу күйдү деп ойлойм.
Ошондуктан, Москвада жашаган кыргыздар алданбагыла.Гүлзат биринчи миллиондогон долларларды таап анан бөлөктөрдү ийгиликке ү
+6
Nourlan
2020-06-21 21:47:21
Nourlan,үндөсүн.
+1
Tolik777
2020-06-21 22:26:09
Кандай ырлары бар эле?
0
Adi010891
2020-06-22 00:28:06
Tolik777,турагой кыргызым, менкыргыздын, и планетанын демимин деген ырлары, а тартылган кинолору бир топ. Куйоосунун уйуно барып ызы чуу салганы (развод) дагыда коп
+2
bond02
2020-06-22 00:28:37
Tolik777,жазыла элек, ырдала элек ырлары коп.
+2
natasha00
2020-06-22 03:03:24
Мунун чыры качан бутот?ой тообоо
0
Adi010891
2020-06-22 12:11:48
natasha00,биринчи сезон эми бутойун деп калдыго
0
Gabiku
2020-06-23 00:23:59
Инстаграмда куйоом уруп токмоктоп Кетти деп, бети башын боеп чыктыле, бул Москвада болсо куйоосу онлайн урганбы ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан