Белгилүү саясатчы Болот Шер каза болду

Белгилүү саясатчы Болот Шер 61 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Эмил Токтошев тастыктады.

Анын айтымында, мурдагы депутат Болот Шер бүгүн каза болду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Болот Шердин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июнда Таласта өтөрү маалым болду.

Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, Апрель окуясынын "кыймылдаткычы", өткөөл мезгилде ИИМди жетектеген башчы, 61 жашында каза болгон белгилүү саясатчынын өмүр баяны тууралуу ушул шилтемени басып өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur777
2020-06-21 14:21:15
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жаннатта болсун!
Жакындарына сабыр тилейм...
+9
Asman779
2020-06-21 14:26:08
Жаткан жери жайлуу болсун. Быйылкы жыл ото оор, татаал жыл болуп жатат.
+10
talaa11
2020-06-21 14:34:05
Ыйманы жолдош болуп кабыры нурдуу болсун
+10
Sakura715
2020-06-21 14:39:48
Жаткан жери жайлуу болсун, айыгып кетсе экен деп жаттым элеее
+8
aza84
2020-06-21 15:05:00
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торколу болсун
+6
muras111211
2020-06-21 17:53:47
Жайы Жаннатта болсун.
Жакындарына сабыр тилейм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан