Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июнда Таласта өтөт

Мурдагы депутат Болот Шер 61 жашында каза болду.

"Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт", - деп Болот Шердин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жазды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган.

61 жашында каза болгон мурдагы депутат Болот Шердин өмүр баяны тууралуу ушул шилтемени басып өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-06-21 17:43:51
Неге Ала-Арчага коюлбайт деп кирсем озу керээз кылган турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан