Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандар 9 миллиондон ашты

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети жер жүзүндөгү 9 миллион 74 миң 203 адамга жукту.

Маалыматка ылайык, илдеттен 471 миң 203 адам көз жумду. 4 миллион 838 миң 119 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Оору көп жайылган өлкөлөрдүн башында АКШ турат, анда инфекция жуктуруп алгандар 2 миллион 336 миңден ашты. Андан кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 86 миң 990, Орусия 584 миң 969, Индия - 426 миң 910, Улуу Британия 304 миң 331 бейтап менен турат.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан