Владимир Путин: "СССРге кирген өлкөлөр андан чыгып жатканда орус элинин жерин белекке алып кетпей, эмне менен келсе, ошол менен кетиш керек эле"

Интернет тармагында Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Россия 1" телеканалына берген маегиндеги үзүндү талкууга алынууда. Маек кечээ, 21-июнда көрсөтүлдү. Анда Путин мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттердин жери орус элине тиешелүү деген маанидеги сөздү айткан. Алып баруучу: "Жакында бизде абдан маанилүү саясий окуя - коронавирус пандемиясы болгон бир нече айдын ичинде алган тажрыйбаларыбызды эске алуу менен акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү күтүлүүдө. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн актуалдуулугу мурункудан да жогоруладыбы?", - деген суроо берген.

"Ооба, Орусиянын азыркы Баш мыйзамы өзгөчө мезгилде кабыл алынган. Ички саясий кырдаал курч болуп турганда, танктар парламентти көздөй атып жатканда, Москвада адам өмүрүн алган кагылышуулар болуп жатканда кабыл алынган. Бүгүн Кудайга шүгүр, ички саясий абал туруктуу.

Бирок биздин суверенитетке байланышкан нерсени айтсам, СССРди курууда келишимде андан чыгуу укугу тууралуу жазылган. Бирок чыгуу процесстери жазылбагандыктан суроо жаралат. Эгерде кайсы бир республика СССРдин курамына кирсе, бирок өзүнө салттуу Орусиянын тарыхый аймагын, Орусиянын ири аянттагы жерин алса, андан кийин бул Союздан чыгууну чечсе, өздөрү эмне менен келсе, ошол менен кетишпейт беле. Өздөрү менен кошо орус элинин белегин алып кетпей",
- деген Путин.

Ошол эле учурда Орусиянын президенти кайсы республика тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.

Путиндин СССР өлкөлөрү боюнча айтканы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
filis
2020-06-22 11:19:49
Кыргыздар кочмон эл болгон учун туруктуу мамлекети болгон эмес. Бугун турган жеринен, эртен башка жака кочуп кетип турушкан. Орустар келип, айылдар пайда болуп ошондо гана кыргыздардын бир жерде туруктуу жашоолору башталган.
-23
AksyKum
2020-06-22 12:59:40
filis,тупой кочмон десе эле кочуп конуп дуйнону кыдырып кочуп журмок беле.кыргызстандын аймагында эле чоптуу жерлерге ,жайында жайлоого кышында кыштоого кочуп жургон
+25
taalay25
2020-06-22 18:06:29
filis,тантырап былжырабачы!!! «Кыргыз мамлекетуулугу 2200 жыл мурда эле болгон», деп ангиличан тарыхчылары так, далил, факт менен айтып атса сен эмне деп дооруйсун! Кочмон эл болсо эмне болуптур! Оздорунун чеги, жайыты жайлоосу болгон. Ошол чеке ботон элди киргизген эмес. Уруу уруу болуп оз чектерин кырк уруу кырк жерден кайтарган
+3
zhykyo
2020-06-22 20:32:05
filis,мээн менен.Алар сыгаандар
+2
medet1983
2020-06-22 12:09:54
Бул орустар тойбойт экен да, дуйнонун жарымын ээлеп алышкан дагы деле жер дешет.
+15
Altyn2017
2020-06-22 13:25:16
жеткен Улутчулдарда булар бир эле мисал Аша досум деп жүргөн Путин кана жардам бергени Ашага.
+5
taalay25
2020-06-22 14:01:36
Altyn2017,АШАга ВВП кандай жардам бериш керек сенин оюн боюнча?
+5
al-abu-kinesz
2020-06-22 13:39:57
Азыркы окмоттун кыянатчылдыгынан кээде орустарга кошулуп кеткин келет
-9
bond
2020-06-22 14:39:10
al-abu-kinesz,чык чыгып кет.
+5
al-abu-kinesz
2020-06-22 15:41:48
bond, чек арада жашасан корот элем не деп сайрайт элен

-2
suban78
2020-06-22 15:36:48
al-abu-kinesz, мен да ошондой ойдомун. Озубуздукулор жерлерди чекесинен коншуларга алдырып эле жатышат.
+5
Birimdik5555
2020-06-22 14:51:04
Украинага айтты окшойт,Крымды алып коюшту го орустар
+6
souza.j
2020-06-22 15:00:15
Украина. Казакстан
+8
Tolik777
2020-06-22 15:24:09
Бул айтылган создору Украинага тийиштуу болуп жатат.
+1
AdylbekB84
2020-06-22 15:27:39
Бул жерде бир гана Украина жөнүндө сөз болуп жаткандай, өйдөдө кээ бир коментарийлер жазылыптыр көчмөн болгонбуз жерибиз жок эле дегендей, ошол көчүп конуп жүргөн жерлер биздин жерлер болгон, жазда малын жайып кышындасы кыштоого кетип, Енисей, Алтай тээ Кытайга чейин биздин ата бабаларыбыздын жери болгонда!
+7
NURSAPAR
2020-06-22 15:30:30
Европа мамлекеттерин айтып жатат го. Кыргызстанга тиешеси жок
0
azamat_tabaldiev
2020-06-22 15:36:41
Украина тууралуу болуп жататко, менимче... а так орустар жерин жондон жон эле бир метр тилкесинда карматпай калдыго, андан коро ошончо мигранттарыбызды баткырып келе жатканына шугур дейли.
Эх Россия , Россия бир боор энем,
Биз ондуу мигранттарга койнун кенен.
Кандай иш буюрса да макул болуп,
Эптеп курсагын баккан байкуштар дайым сени менен!!!
+4
nurzada78
2020-06-22 18:04:48
Крымды алышты го ошону айтып жаткандыр
0
Nur777
2020-06-22 18:16:35
Бул менимче Абхазия,Дагестан,Ингушетия ж.б Россиянын составындагы кичи мамлекттерди айтып жатат,бара-бара чыгуу керек деген создор башталат да.Россиянын озунун жери мынча чон эмес,кобусун Чувашия,Тыва,Алтай ж.б мамлекеттер тузот,азыр да орустар ченгелдеп кармап отурушат,тырышып...Даже Татарстан менен Чечня козкарандысыздык ала албай журушот,но эртеби-кечпи баардык мамлекет эркиндик алышат деп ойлойм.
+3
Nur777
2020-06-22 19:13:43
Nur777,же чектешкен Украина,Казахстанга коп жер отуп кеткен,Байконуру менен,ошону айтып жатса керек,Беларусьда да чон-чон заводдор калып кеткен..
+2
mateus
2020-06-22 18:38:56
Украина, Казахстан, Белоруссия жонундо айтып жатат. Дуйнодо кочмон эл Кыргыз эле эмес Казактар, Монголдор ж.б.
+1
Nur777
2020-06-22 19:14:08
mateus,туура айтасыз.
+1
alibai
2020-06-22 19:57:03
Бул намек Казахстанга тиешелуу болсо керекю
+1
asad9
2020-06-22 21:46:21
Ошон үчүн орустун аты бар айылдарды керек болсо көчөлөрдү өзгөртүш керек кыргызчага.
Кийин биздин жер деп талашат Өзбек Тажиктерге окшоп. Башка элдерге дер сатпагыла
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан