Грек-рим күрөшү олимпиада оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

Күрөштүн грек-рим түрү 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу UWW'нын (Бириккен күрөш дүйнөсү уюму) аткаруу комитетинин мүчөсү, Азербайжан күрөш федерациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Намиг Алиев чет элдик басылмаларга билдирген.

"Акыркы убактарда UWW белгилүү эрежелерди өзгөртүү менен көрүүчүлөрдүн кызыгуусун сактоого умтулуп жаткандыгына карабай, күрөштүн грек-рим түрү кандайдыр бир деңгээлде популярдуулугун жоготту. 2022-жылы Дакарда өспүрүмдөрдүн олимпиадасы өтөт. Анда грек-римдин ордуна пляж күрөшү сунушталат. Биз күрөштүн бул түрүн өнүктүрүүнү улантабыз. UWW'нын аткаруу комитетинин отурумундагы талкуулардын негизинде, мен грек-рим күрөшү 2024-жылкы олимпиада оюндарынын программасына киргизилбейт деп айта алам", - деген Алиев.

Париж шаарында жайкы олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bek0718
2020-06-22 14:42:39
Тескерисинче онуктуруш керек эле грек-рим курошун.Юизде медаль алганга шанс кобуроок болмок
-10
aybek88
2020-06-22 14:46:45
Жакшы жаңылык. Күрөш, бокс штанга ушуларды олимпиадан алыш керек. Кыргызстан кедей өлкө, спортчуларды толук камсыздай албай, көбү чала спортик болуп кетип жатышат.
+9
Bek0718
2020-06-22 14:56:14
aybek88,акылын ушуга жеттиби ойлонуп ойлонуп
-12
Bek0718
2020-06-22 15:00:21
aybek88,кедей олко деп журо берелиби анда
-12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан