Бишкек-Ош жолунда санитардык-карантиндик посттор уюштурулду

Бишкек-Ош автоунаа жолунун көпчүлүк бөлүгү Токтогул районунун аймагынан өткөндүгүнө байланыштуу санитардык-карантиндик посттор уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул жайларда Токтогул РИИБинин жана “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарандардын саламаттыгы үчүн күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. РИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге күн сайын инструктаж өткөрүлүп, жарандардын себепсиз кирип-чыгууларынын алдын алуу керектиги жана эл менен сылык мамиледи болуу зарылдыгы, коргонуучу каражаттарды колдонуу эрежелери жеткирилип жатат.

Өзгөчө кырдаал режими алына электиги жана жугуштуу оорунун күн санап күчөп бара жаткандыгы посттон өтүп жаткан ар бир жаранга түшүндүрүлүп жатат. Милиция кызматкерлери элди жаралган кырдаалды туура кабыл алып, сабырдуу болууга жана санитардык нормаларды сактап, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонууга чакырышууда. Жугуштуу илдетке кабылган жарандар менен байланышта болуп, обсервацияга алынган атуулдар милициянын толук көзөмөлүнө алынып, белгиленген тартипте жумуштар жүрүүдө. Базарларда, соода түйүндөрүндө, тамактануучу жайларда санитардык норманын сакталышы текшерилип, эскертүүлөр берилип жатат.

Мындан сырткары Токтогул РИИБи тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаратылышта эс алууларын, кафе-ресторандарда көңүл ачууларды болтурбоо багытындагы жумуштары дагы улантылууда. Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдү табигый кырсыктардан жана көңүл ачуучу жайларга барып эс алуудан алыс болууга чакырышууда.Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөргө бөгөт коюу багытында иштер жүргүзүлүп, сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү белгилери коюлуп, бул багытта да жеткиликтүү иштер аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2020-06-23 21:57:59
Аа, жакшы. Ош-Бишкек каттаган таксилерди жөнү жок кармап тымызын акча алуунун жолун таапсыңар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан