Ырчы, кылкыякчы Гүлнара Сыдыкбекова 10 жылдан бери залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келет. Учурда ага жардам керек болууда

Ырчы, кылкыякчы Гүлнара Сыдыкбекова дээрлик 10 жылдан бери залалдуу шишик дарты менен жабыркап келет. Учурда ага тез аранын ичинде операция жасатуу зарылчылыгы жаралды. Операция көп суммадагы каражатты талап кыларын ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Айтымында, ал 10 жылдан бери Алматыда жана Индияда тынымсыз дарыланып келген. Карантинге байланыштуу ал чет өлкөгө дарыланууга чыга албай калып, оорусу күчөп кеткен. Учурда акыбалы оор болууда.

"2011-жылы онкологиялык илдетке кабылып, каттоого тургам. Дарыгерге кайрылганымда операция жолу менен эки төшүмдү тең ала турган болду. Эртең операция жасатам деп калганымда жакындарымдын бири дарыгер айтса эле макул боло бересизби деп корей улутундагы дарыгерди сунуштады. Операциядан баш тартып, бир жыл ошол дарыгердин көзөмөлүндө болдум, 30 килограмм салмак таштадым. Залалдуу шишик дарты башка органга жайыла баштады. Кесиптештерим Алматы шаарынан дарыгер келерин айтышып, ошого көрүнүүмдү сунушташты. Жолдошум менен ага да бардым. Ал мени дарылайм деп алгач суюк дары берди. Дары менен компресс жасап жүрдүм. Кийин дарыгердин Алматыдагы үйүнө барганымда, анын күйөөсү мени дарылоосуна каршы болду. Ага карабай мен Алматыга барып, дарыгерим Бишкекке келип дарыланып жүрдүм. Карантин башталгандан бери дарылоо токтоп калып, дартым күчөп кетти.

Операция кылдырбай, жогорудагы ыкма менен дарыланып жүрүп төшүм 5-6 жеринен тешилди. Жарылган жерлерден кан, ириң чыгып, ачык жара болуп калды. Азыр жай мезгили экенине карабай күрмө, калың байпактарды кийип жүрөм, жылуу кийинбесем үшүйм.

Буюрса, Бишкектеги бейтапканалардын биринен химиотерапия алып баштайм. Элим бар экен, жардам берип жатышат", - деди ал.

Ырчы 10 жылдан бери оору менен күрөшүп жатса дагы позитивдүү жашайын деп чыгармачылык менен алектенүүнү улантып келет. "Музыкалык чыгармаларга клип тарттырууда чачыңды жасап, боёнуп, өзүңдү алаксытасың. "Сүйкүм элес" деген ырга клип тарттырып жатканда метастаз берип баштаган", - деп жыйынтыктады сөзүн.

Гүлнара Сыдыкбекова президенттин "Ардак грамотасынын" жана Жүмамүдүн Шералиев төш белгисинин ээси, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу. Ал Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жеке чыгармачылыгында бир нече күүлөрдү аткарып, ырларды ырдаган жана клиптери бар.

Жардам берүүнү каалаган кайрымдуу инсандар үчүн Гүлнара Сыдыкбекованын Элсом номери: 0772148886.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pepe93
2020-06-24 20:21:26
Аллахым шыпа берсин, супсулуу эжекебиз экен, Ден соолугу да сулуу болсун оомин,...
+1
Asula
2020-06-24 21:32:49
Аллахым шыфаа берсин эжеке.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан