Бүгүн, 24-июнда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев онлайн маалымат жыйын өткөрдү.
Анда түз эфирдин алып баруучусу: "Социалдык тармактарда коронавирустан каза болгон адамга тиешелүү көңүл бурулбай, дарылоо жакшы жүргүзүлгөн эмес деген кептер айтылууда. Бул боюнча эмне айта аласыз?", - деп суроо берди.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү медициналык жактан бардык жардамдар көрүлгөнүн айтты. "Анын баласы менен келининен илдет аныкталганда, алар Талас шаарындагы инфекциялык ооруканасына, өздөрү Чат-Базардагы инфекциялык ооруканасына жаткырылган. Эки, үч күндөн кийин кайталап анализ алынганда анын өзүнөн, кичинекей небересинен жана жубайынан коронавирус аныкталган. Аларды дагы Талас шаарындагы инфекциялык ооруканага алып келгенбиз. Ал жерде Чат-Базарда да шарттар жакшы. Маркумдун жубайы кант диабети менен ооругандыктан, ал бул илдетти жубайым көтөрө албай калат деп кабатыр болгон. Тилекке каршы илдеттин айынан өзү каза болуп калды. Бүт эрежелерди колдонуп, жаранды дарыгерлер жанынан чыкпай карашкан", - дейт Мураталиев.