9-сентябрда Кыргызстанда 20 өрт кырсыгы катталып, аны
өчүрүүгө 20 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек
шаарында 4, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 2, Талас облусунда
2, Ысык-Көл облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Көпчүлүк
кырсыктар электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Кырсыктан
каза тапкандар болгон жок.