Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын ырчылык менен алектенип жүргөн бир тууган иниси Сагынбек Каримов кырк жылкылуу болду. Сиңдилүү болдум деген Самара айым порталыбызга буларды билдирди.
"Келиним Азиза 24-июнда түнкү саат 02:30да кыз төрөдү. Азырынча ысым ыйгара элекпиз. Учурда эне, баланын абалы жакшы.
Наристенин салмагы 3 килограмм 800 граммды түздү", - деди ал.
Ырчы Сагынбек Каримов 2019-жылы 20-июлда сүйүктүүсү Азизага баш кошкон.