Коронавирус инфекциясы жаңы чыгып баштаган учурда ар кандай медициналык уюмдар чылым чеккен адамдарда оору катуу болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистеринин көз карашында, пандемия учурунда чылым чегүү өтө эле кооптуу. Анткени адамдар тамекини оозуна салганда оору жугузуп алуу коркунучу жогору деп эсептешкен. Эгерде кандайдыр бир олуттуу инфекциялык оору боло турган болсо, анын тобокелдиги өтө эле кооптуу болот. Бирок эң кызыктуусу, кийин коронавирус жуктуруп, ооруканага кайрылгандардын ичинен чылым чеккендер чындыгында аз болгон.
Бирок бул жаңы ачылыштарды көптөгөн себептерден улам туруктуу деп атоого болбойт. Башкача айтканда, азыр тамеки чегүүнү улантууга деле эч кандай негиз жок. Ансыз деле чылым чегүү көптөгөн коркунучтуу дарттарга, залалдуу шишик илдетинен баштап ашказан жарасына чейин алып барат. Ошол себептүү кандай гана учур болбосун тамекини таштоо керек. Дагы пайдалуу жагынан да айта турган болсок, акыркы учурда карантинге байланыштуу финансылык оор учурга туш келгенде тамекиге кеткен акчаны үнөмдөп, жок дегенде дарыга сарптоону сунуш кылышат. Ошондой эле өз ден соолугуңарды тобокелге салып, ашыкча эле дүкөнгө бара берүүнүн кереги жок дешет.
Тамекини кантип таштоо керек? Өзгөчө буга чейин көп жолу таштаган болсоңуз.
Биринчи эле аракеттен тамекини таштагандардын саны аз. Чылым чегүү адатынан арылуунун бир канча жолдору бар. Ал сизге ийгиликтүү таштоо үчүн мүмкүнчүлүк берет. Өз эркиңерге багынып отуруу жакшы нерсе эмес. Чылым чеккен адам – кадимки табак же электрондук тамекини колдонот же болбосо никотин алуу үчүн дагы башка жолдорун кылышы мүмкүн. Анткени ал адамдар ошол нерсеге көз каранды болуп калат. Мындай көз карандылык мээнин өзгөрүшүнө алып келет. Мындан сырткары башка жолу сыртка чыгып өзүн стресс жана депрессиялык абалдан тынчтантып, нерв болгон абалын басаңдатуу керек. Ошол үчүн биринчи эле ийгиликсиз аракеттен өзүн жемелебөө керек, андан көрө дары каражатын колдонуп же атайын адистерден кеңеш алуу керек болот.
Электрондук тамекилер жардам береби?
Азырынча бул суроого так жооп жок. Адатта электрондук тамекини чылымды таштоо үчүн курал катары колдонушат. 2019-жылга карата атайын изилдөөнүн жыйынтыгы электрондук тамеки кадимки чылымды таштоодо өтө эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Анын ичинен 18 пайызы бир жыл ичинде электрондук тамеки аркылуу таштагандар. Ал эми 10 пайызы никотин колдонушса, болгону 9 гана пайызы терапиянын жардамы менен дарыларды колдонуу аркылуу таштаган, дагы 80 пайызы вейптерди колдонуу менен чылымдан баш таркандыгы белгилүү болгон. Эмне болгон учурда дагы эң жакшы жолу – чылымды биротоло таштоо болуп саналат.