Өзбекстандын Футбол ассоциациясы жана Тажикстандын Футбол федерациясы эки өлкөнүн курама командалары ортосунда жолдоштук беттеш өткөрүү жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, жолдоштук беттеш 4-сентябрда Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтөт. Бул эки өлкөнүн жолдоштук беттешин ушул жылдын март айында өткөрүү пландалган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам беттеш токтотулган.
Бул эки өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командалары акыркы жолу мындан 9 жыл мурун, тагыраагы 2011-жылдын 15-ноябрында ойношкон.