Европа футболдук ассоциациясынын бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футбол союзуна (КФС) UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, УЕФАнын аталган программасынын алкагында Кыргыз футбол союзуна Hyundai H1 минивэни жана 700 миң сомдон ашык каражатка уюштуруучулук техникалар (компьютерлер, UPS, МФУ жана башкалар) жардам катары көрсөтүлдү.
UEFA ASSIST эл аралык программасы башка конфедерациялардын улуттук ассоциациялары менен тажрыйба бөлүшүү аркылуу футболду өнүктүрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырат.
UEFA ASSIST программасынын мазмуну – ФИФАнын башка конфедерацияларына пайда алып келе турган тажрыйба жана билим менен бөлүшүү.
UEFA ASSIST финансылык эмес, футболду өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүү сыяктуу практикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган.
UEFA ASSIST программасы төрт негизги башкы элементтен туруп, анын ар бири ассоциацияларга жана конфедерацияларга олуттуу жардам берет:
- Окутуу жана тажрыйба менен бөлүшүү;
- Өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү;
- Инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо; - УЕФАнын улуттук ассоциациялардын программасын колдоо.