24-июнда 45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада финишке келди. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылынан Бишкек шаарына чейин ультрамарафон чуркап өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оболбек Осмонбековду стадиондо Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, жөө күлүктүн туугандары жана достору тосуп алышты. Канатбек Арпачиев Оболбек Осмонбековду ийгиликтүү финишке келиши менен куттуктап, ага Кубок, ыраазычылык кат жана спорттук экипировка тапшырды.
"Мекендештерибизге ушундай мыкты үлгү болуп жана дени сак жашоо мүнөзүн активдүү жайылтканыңыз үчүн Мамагенттиктин атынан ыраазычылык билдирем. Бүгүн дене тарбия менен машыгуу, спортту сүйүү өтө актуалдуу. Мындай аралыкты чуркап өтүү баарынын эле колунан келе бербейт, бул чыныгы каармандык. Сизге чың ден соолук, спорттук жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарыңыздын ишке ашышын каалайм", – деп кошумчалады Арпачиев.
Фиништен кийин Оболбек Осмонбековду Спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгери карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалады. "400 чакырым аралыкты жаш балдарды сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө үндөө максатында чуркадым", - деди жөө күлүк өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, Оболбек Осмонбеков 19-июнь күнү Талды-Суу айылында старт алган. Жөө күлүк 2017-жылдан бери чуркап, ар кандай аралыкта ультрамарафондорго катышып келе жатат. Анын сапарында унаа менен 3 адам коштоп, эс алуу учурунда спортчуга массаж жасап жардам берип турушкан.