"Владимир - дүйнөгө ээлик кылуу", "Дональд - башкаруучу". Дүйнө лидерлеринин ысымдарынын мааниси

Адамга ысым берүүдө анын маанисине көңүл буруу керек. Себеби "ат менен адамдын тагдырынын байланышы бар", "атына жараша заты" деген түшүнүктөр айрыкча кыргыз элинде сакталып келет. Бала төрөлгөндө коюлуучу ысым анын кийинки турмушуна таасир береби? Анда дүйнө лидерлеринин ысымдарынын маанисине бир көз чаптырып көрсөк.

1. Орусиянын президенти - Владимир Путин. Владимир деген ысым илгерки славян тилинен келип чыккан. Анын бөлүктөрү "влад" - ээлик кылуу, башкаруу, "мир" дүйнө деп которулат. Эки сөздү бириктирген мааниси "дүйнөгө ээлик кылуу" дегенди түшүндүрөт. Орусияда бул ат XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап популярдуу боло баштаган. Польша, Чехия, Украинада Володимир деп эркектерге, Владимир деп айымдарга коюлат.

2. АКШнын президенти - Дональд Трамп. Дональд деген ысым гаэл (шотланд) тилинен которгондо "дүйнөнү башкаруучу" дегенди түшүндүрөт. Теги британ тилинен келген. Орусияда Петр I`дин убагында бул ысым жогорку даражалуу төрөлөрдүн балдарына гана коюлчу. Психологияда бул ысымды алып жүрүүчүлөрдүн нерв системи туруксуз экендиги айтылат. Мындан тышкары алар көк бет, жана агрессивдүү болушат.

3. Германиянын канцлери Ангела Меркель - бул ысымдын көп варианттары бар. Мисалы Анжела, Энжи, Анги, Ангель, Ангели, Гели, Анхелита, Хела, Лита, Лела, Же, Анжинья, Анжелина, Жела, Анжелонька, Анжелка, Жела, Желя, Желонька, Неля. Ангела деген ысым грек тилинин "ангелос" деген сөзүнөн келип чыккан. Которгондо "периште же жакшы кабар алып келүүчү" деген маанини берет.

4. Өзбекстан президенти - Шавхат Мирзийоев. Шавхат араб тилинен келген ысым. Бул ысымдын маанисинин бир нече варианты бар. Алсак, ырайымдуулук, колдоочу, күчтүү жана кудуреттүү.

6. Түркмөнстандын президенти - Гурбангулы Бердымухамедов. Гурбангулы араб жана түрк тилдеринен келип чыккан ысым. Көбүнчө курбан деген мааниси колдонулат. Ал эми Гурбан бул татар сөзү. Мааниси курмандык кылуу дегенди түшүндүрөт. Гулы деген бөлүгүн кыргызчага которгондо "кул" деген маанини берип калат. Демек, Гурбангулы ысымынын толук мааниси "курмандыкка чалынган кул".

7. Франциянын президенти - Эммануэль Макрон. Эммануэль Библиядан алынган ысым. Француз тилинен алганда мааниси "Кудай биз менен" дегенди түшүндүрөт. Европада бул ысымды Иса пайгамбардын экинчи аты катары айтып келишет.

8. Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин. Кытай лидеринин ысымында Си - бул фамилиясы, ал эми Цзиньпин кытайлар өздөрү айтмакчы жеке аты. Кытайда көбүнчө фамилия жеке ысымдын алдына жазылат. Бул жерде Цзинь деген бөлүгү императордук династиянын аты. Мисалы Цзиньпин - деген бир ысымда "окуу, жакын жана түз жер" деген үч маани бар.

9. Беларустун президенти - Александр Лукашенко. Александр грек тилинен келген ысым. Бул ысым байыркы Грецияда бийик даражалуу адамдарга коюлган. Александр эки сөздөн түзүлгөн ысым. "Алексо" - бул коргоо, коргоочу, "андрос" - эркек. Демек Александр ысымынын мааниси "коргоочу мырза" дегенди түшүндүрөт.

10. Түркиянын президенти - Режеп Тайип Эрдоган. Режеп Тайип бул түрк тилинде эки ысымдын биригиши. "Тайип" жакшы, боорукер дегенди билдирсе, "Режеп" - мусулман календарынын төртүнчү айынын аты. Ал март айынын ортосу менен апрель айынын башындагы ай болуп калат. Дагы башка варианты "ражаб". Бул мезгилде согушка аттанууга же согуш жарыялоого тыюу салынган.

11. Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай деген ысым кыргыз жана түрк тилдеринин айкалышынан келип чыккан. "Соорон" - бул тынчтандыруучу, сооротуучу дегенди билдирсе, "бай" башкаруучу дегенди түшүндүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asman779
2020-06-26 23:21:50
Биздин президентибиз атына заты жарашып тынч башкарып аткан экен да. Ата бабаларыбыз туура эле айткан экен.
+1
Sakura715
2020-06-26 23:26:31
Asman779,Ооба,жашоо жашоо жыргал болуп жатат го чиркин)
+8
Nur777
2020-06-26 23:50:48
Asman779,ооба,тыынч уктап жатат,озу менен озу болуп...
+9
take_83
2020-06-27 00:38:32
Биздин пашага туура келбейт экен
0
mariolan
2020-06-27 00:46:43
Бизди алдап соолап Сооротуп атат да
+9
Pchelka85
2020-06-27 09:13:22
"Бай"- башкаруучу деген маанини тушкндуроорун билбептирмин.. "бай" деп колунда бар кишини бай кишин кайтат го дегем...Кокон хандыгынын убагынба бийлер башкарчу беле. Бий- башкаруучу болбойбу ошондо?
+1
001KG
2020-06-27 14:41:12
Режеб айы март айынын ортосу менен апрель айынын башы болуп калат, деп эле урдура бересиңерби? Режеб деген ай мусулманча календарда жылына бир айга жылып турат, эч кандай мартка байланган эмес. Быйыл ошол кезге туура келди, деп жазсаңарчы сабатсыз журналисттер.
+5
Antalyamanavgat
2020-06-27 15:17:17
001KG,жылына бир айга жылбайт он күнгө жылат хижрый календары 29-30 күндөн эле алмашат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан