Түркиялык инженер, архитекторлор Бишкек шаарынын көрүнүшүн оңдойт

Түркиялык инженер, архитекторлор Бишкек шаарынын сырткы көрүнүшүн оңдойт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда маалымат жыйында Бишкек мэри Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, 2014-жылы май айында Кыргызстанда Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин VI курултайы болот. “Ал 36 мамлекеттин өкүлдөрүн чогултат. Шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча долбоорлор каралат”,- деди шаар башчысы. Курултай 4 күнгө созулуп Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө өтөрү айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан