Индиядагы чагылгандан 100дөн ашык адам каза болду

Кечээ, 25-июнда Индиянын чыгыш жана түндүк бөлүгүндөгү чагылгандын кесепетинен 107 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чагылгандын кесепетинен Бихар штатынан 83, Уттар-Прадеш штатынан 24 адам каза болгон. Каза болгон адамдардын көпчүлүгү аба ырайынын начар болуп жатканына карабай талаада иштеп жүрүшкөн.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүлөрүн айткан.

Буга чейин, 20-июнда Москвадагы сейил бактардын биринде эки адам чагылгандан жабыркап, ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-06-26 14:30:03
Чагылган түшсө өтө күчтүү электр пайда болсо керек. Байкуш индустар шашлык болуп калгандыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан