Yella каймана аты менен белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова менен жолдошу Кубаныч Бакытов ата-эне болушту. Кыздуу болгон ырчы кубанычтуу кабары тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ырчынын айтымында, ал 26-июнда саат 19:02де көз жарган. "Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 880 грамм болду. Ысымды чоң ата, чоң апасы коёт, азырынча кандай ат коёрубузду чече элекпиз. Кызыбыз атасына окшош", - дейт ал.
Назгүл Токтакунова 2019-жылы 29-июлда турмушка чыккан. Ал күтүлбөгөн жерден жигити, музыкант Кубаныч Бакытов ала качып кеткенин айткан. Түгөйлөр заманбап тоюн 13-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөргөн.