Жалал-Абад. Шаарда "Мектепке тартуу" аттуу рейд болот

Жалал-Абад шаарында 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин окуучуларга арналган "Мектепке тартуу" аттуу рейд жүрөт. Максаты - сабакка барбаган окуучуларды аныктоо. Муну аймактагы өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясынын жетекчиси Нургазы Ботаканов билдирди. Айтымында, инспекциянын кызматкерлери окуу башталгандан бери окуучулар менен иш алып барууда. "Жыл башынан бери 8 ай ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан 11 кылмыш катталды. Өткөн жылы 8 айда 13 кылмыш болгон",- дейт Ботаканов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан