Жалал-Абаддын Чаткал районуна караштуу Коргон-Сай айылына жакын жерге "Империя-Групп" фирмасы тарабынан асфальт-бетон заводу курулуп, 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда райадминистрациядан билдиришти. 2013-жылдын 6-майында облус өкүлү Жусупали Торомаматов жана Чаткал районунун аймагында кен байлыктарын иштетүү жана изилдөө боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн фирмалардын өкүлдөрү катышкан элдик жыйын болгон. Анда Ала-Бука, Каныш-Кыя, Кировка унаа жолунун Чаткал өрөөнүн аралап өткөн бөлүгүнүн 15 чакырымына асфальт төшөө боюнча токтом кабыл алыныптыр. Анын негизинде быйылкы жылы 5 чакырым аянтына асфальт төшөлүп, калган 10 чакырымына кийинки жылы төшөлөт экен. Ага кеткен каражатты район аймагында иш жүргүзгөн фирмалар которуп, жалпы суммасы 10 миллион сом. Атай кетсек, "Чаарат ЗААВ" фирмасы 6 миллион, 720 миң сом, "Фонта" фирмасы 2 миллион сом жана "Кичи Чаарат" фирмасы 1 миллион 350 миң сом которогон. Ал эми бул ишти көзөмөлдөө үчүн райадминистрация тарабынан атайын комиссия түзүлүптүр.