Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова 28-июнда каза болду. Ал 95 жашта болгон. Маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгелери фондунан" SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маркумдун сөөгү эртең, 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылында жерге берилет.
Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин 1952-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда башталгыч класстын мугалими адистигине окуган. Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте он жылга жакын мугалим болуп иштеген.
Андан кийин жолдошу Исак Отунбаевдин жаңы кызмат орунга которулгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепте мугалимдик ишин уланткан. 1964-жылы Ош педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырган.
Жолдошу борбор калаага жаңы ишке которулгандыгына байланыштуу мугалимдик ишин 1967-жылы Фрунзе шаарындагы №1 спорттук мектеп-интернатында уланткан. 1975-жылы ушул мектеп-интернаттан пенсияга чыккан.
Педагог Салийка Даниярова узак жылдарды камтыган эмгегин көптөгөн коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди, белгилүү спортчуларды окутуп, тарбиялоого арнаган. Көп балалуу үй-бүлөнүн энеси күйөөсү менен сегиз балага өмүр берип, окутуп, тарбиялады, ондогон небере-чөбөрөлүү болду.
Жети кыз, бир уулдун энеси.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты экс-президент Роза Отунбаевага жана анын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.