Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан Сычуань провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, нөшөрлөгөн жамгырдан улам 12 адам каза болсо, дагы 10 адам дайынсыз болууда. Нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 10 миңге чукул адам кооптуу делинген аймактарда калышса, 7 миң 700 адам эвакуацияланган. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен турак үйлөр, мекемелер, автоунаалар жана электр чубалгылары зыянга учураган. Учурда тиешелүү кызматкерлер куткаруу жана оңдоо иштерин алып барышууда.