Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетинен 501 миң 898 адам каза тапты. Бул тууралуу учурдагы статистикага көзөмөл кылып жаткан Жон Хопкинс университетинин сайтына жарыяланды.
Бардык өлкөлөр боюнча инфекциянын тастыкталган учурлары 10 миллион 145 миңден ашты. Ал эми анын ичинен 5 миллион 100 миңден ашык адам айыгып чыккан.
Ооругандардын саны боюнча биринчи орунда АКШ турат. Бул өлкөдө 2 жарым миллиондон ашык адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Анын ичинен 125 миңден ашык бейтап каза болгон.
Ошондой эле бул оору катталган өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы үч өлкөнүн сап башында Бразилия (1 миллон 300 миң адамдан аныкталып, 57 миң 622 адам каза болгон) жана Орусия (634 миң адамдан аныкталып, 9 миң 60 адам каза болгон) турат.