Бишкек шаардык мэриясы дезинфекция иштери жүрүшкө жолтоо болуш үчүн эмес, элдин коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн айтты

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, көчөлөрдү жана эс алуучу жайларды дезинфекция кылуу иштери эпидемиологдордун сунушу менен акыркы 3 айдан бери байма-бай жүрүп келет.

Ал эми тынч жүрүштөр жөнүндө айта турган болсок, мэрия адамдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн массалык иш-чараларды өткөрүүнү сунуштабайт. Бирок дезинфекция тынч жүрүштөн кийин жүргүзүлөт. Биз биринчи кезекте бардык күч-аракетибизди топтоп, аларды "Тез жардам" унааларын сатып алуу, ооруканалардагы керебеттердин санын көбөйтүү, 118 байланыш борборунун сапатын жакшыртуу, "Тез жардам" кызматын колдоо жана мобилдик медициналык топторду күчөтүү сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүүгө багытташыбыз керек”, - деп айтылат маалыматта.

Мэрия биринчи кезекте коомдук жайларда, жүргүнчү ташуучу транспорттордогу санитардык талаптарды сактоо боюнча иштер улантылары маалыматта кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-06-29 14:44:43
Дезинфекциядан эч пайда жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан