Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарында “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы "#Reakция 3.0 Эркиндик" аталышындагы митинг өттү.
Ага саясатчы Өмүрбек Текебаев да келген. Митингдин катышуучулары ага: "Сиздер өзүңүздөр бул убакыт аралыгында эч нерсе жасаган жоксуздар. Эми өлкөдө чын эле өзгөрүүлөрдү жасагысы келип жаткандарга келдиңиздер дагы ушуга тиешеси бардай түр көрсөтүп жатасыздар. Сиз ушундай эл топтолгон жерде астыга чыгып алып, өзүңүз баарын жасап койгондой көрсөткөндү жакшы көрөсүз. Бул жерде абал жакпай жаткан эл топтолду, бул жерден электорат издөөнүн кереги жок", - дешти.
Текебаев: "Түшүнөм" деген жооп менен чектелди. Анткени ага суроо узатылганы менен жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок.