Орусиянын президенти Владимир Путин 3-4 күндө бир жолу коронавирустан сактануу максатында текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Путин “Москва” берүүсүнө берген маегинде билдирген. Анализдин жыйынтыгы таза чыгып жатабы деген суроого "Кудайга шүгүр, азырынча таза", - деп жооп берген.
Ошондой эле Путин эпидемияга байланыштуу дистанциялык жумушка өтүү ал үчүн кандайдыр бир деңгээлдеги сыноо болгонун айткан. Себеби ал адамдар менен көп сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ал эми анын айтымында, премьер-министр Михаил Мишустин ооруп калгандан кийин өлкө башчы катары өтө кылдаттык менен иш алып баруу керектигин түшүнгөн.
«Мен дагы бир эрежени киргиздим - президент жана премьер-министр эч качан бир учак менен учушпайт. Анткени бизде мамлекеттин абалы үчүн өзгөчө чоң жоопкерчилик бар”, - деди Путин.
Ал эми Владимир Путиндин дистанциялык иштөөгө өткөндүгү тууралуу 1-апрелде пресс катчысы билдирген. Президент Москвадагы Ново-Огаревонун жанындагы резиденциясында жашап, ошол жакта иштеген. Коронавирустан коргонуу үчүн ал жерде атайын дезинфекциялык туннель да орнотулган болчу. Эске салсак, COVID-19 менен премьер-министрден сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Валерий Фальков жана маданият министри Ольга Любимова, ошондой эле президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков да ооруган болчу.