Индия бийлиги TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салды

Индия бийлиги кытайлык 59 мобилдик тиркемени блокко салды. Алардын катарында белгилүү TikTok тиркемеси да бар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индия бийлиги кытайлык 59 тиркемени блокко салды. Эми аны жарандар колдоно алышпайт. Блокко салынган 59 тиркеменин катарында WeChat, Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings жана башка тиркемелер бар.

Өкмөттүн айтымында, бул тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет. Блокко салынган 59 тиркемени эми телефондон жана башка түзүмдөрдөн да колдонууга мүмкүн эмес. TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Blueaffair
2020-06-30 14:53:48
Кыргызстандада жаар салса жакшы болот эле инста менен тик токту
+6
Shef87
2020-06-30 14:55:23
Эң туура кылган пайдасыз мусордун баары тик ток
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан