Сооронбай Жээнбеков: "Өкмөт бардык чыгашаларды аныктап чыгышы керек"

Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште ант беришти.

Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамы 17-июнда ишке киришкен. Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү расмий түрдө ант бергенден кийин кызматка расмий түрдө киришти деп саналат. Иш-чарага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн алдыда кыла турган иштери көп экенин айтып, артыкчылыктуу багытта иштөөсүн эскертип өттү. Өкмөткө бардык чыгашаларды аныктап чыгуу талабына басым жасалары айтылды.

"Өкмөт бардык чыгашаларды аныктап чыгышы керек. Анын ичинде мамлекеттик карызды жоюу боюнча да маселе бар. Донорлордон келген акчалар аныкталып, отчётун элге берүүнү талап кылам", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан