Үй-мүлкүнөн ажырап калган үй-бүлөлөр сотторго нааразыбыз дешет

2008-жылы бир катар үй-бүлө шылуундарга алданып, жасалма документтер менен үй сатып алышкан. Ошондон бери жабыр тарткандардын барбаган жери, каккылабаган эшиги калган эмес. Мындай маселе менен Бишкек шаарынын тургуну Светлана Жумадылова, Ысык-Көлдөн Тынчыбек Жайыков жана Сокулуктан Жумакан Өмүрзакова аттуу жарандар өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана өкмөттөгүлөргө кайрылуу жолдошту. Анда бир канча үй-бүлө талаада калганын, ортодо ак жерден акчага күйүп жаткандарын айтышып, президент жана прокурор калыс, адилеттүү карап берсе деген тилек менен мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүлүшүн суранышууда.

Алардын айтымында, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында тез арада атайын комиссия түзүлүшү керек.

Ал эми Чүй облусунун тургуну Асель Мусаева соттордон акыйкат таппай карайлап, аргасыз кайрылып жатканын айтты.

Чүй облусунун дагы бир тургуну Атыргүл Жолдошеванын маселеси да так ушундай, ал 2000-жылы ак эмгеги менен тапкан каражатка үй сатып алган, соттор бүгүнкү күнү 100 миң сом сунуштап, үйдү бошотуусун талап кылып жатышат. Башка жерден мындай каражатка там ала албайм деп сыздап турган убагы.

Жогорудагы маселе боюнча кайрылгандар колдорунда бардык тийиштүү документтер, далилдер, фактылар турганына карабастан, соттордун адилетсиз чечим чыгаргандыгына нааразы болушууда. Алар прокурорлордун алдына коюп берген документтерге юридикалык жактан туура баа берүүсүн талап кылышууда.

SUPER.KG порталы жогоруда айтылгандар боюнча тиешелүү тараптардын жообун угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirenaaaaa
2020-06-30 16:29:00
Сокулуктун сотунда Сайырова, Султаналиева деген карышкырлар бар. Ким акча берсе ошого чечип берген. Мен президентке деле кат жолдогом. Бирок толк жок экен Кыргызстанда негизи акыйкаттык жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан