Коңшу Өзбекстанда эки баштуу ымыркай төрөлдү

Өзбекстандын Самарканд шаарында эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келди. Учурда наристе жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Самарканд облустук көп тармактуу медициналык борбордун башкы дарыгери Дилшод Рахмонов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Дүйнөдө бул дарт өтө сейрек кездешет. Мындай дарт менен төрөлгөн балдар 30-50 жашка чейин жашашат. Азыр ымыркайдын абалы жаман эмес. Аны дарылоо чаралары жүрүп жатат. Учурда тамактануусу жана кан айлануусу нормалдуу. Азыр ага кычкылтек жетишпейт. Биз ымыркайды аман алып калуу үчүн бардык чараларды көрөбүз", - деген Рахмонов.

Анын айтымында ымыркай операция жолу менен (кесарево сечение) төрөлгөн жана апасы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aman_90
2020-06-30 14:38:25
Бул да Алланын буюрганы!Наристе кандай акыбалда жарык дуйного келбесин ал жашаганга укуктуу.Омурун берсин наристенин!
+12
J1irg
2020-06-30 15:06:55
Жараткан Тенир наристелерге ден соолук берсин.
-9
sainazarov0555
2020-06-30 15:44:38
J1irg,Жараткан Аллах
+2
roklait
2020-06-30 15:52:54
J1irg,Ушу тенирчи ким озу? Качан караба тенир деп журоберет. Банга салып ташташ керек экен.
+2
AksyKum
2020-06-30 15:57:12
roklait,наоборот аларга асылсан бан болосун
-5
ashuular_plus
2020-06-30 17:46:25
roklait,
Тянь-Шандык кыргыздар илгертеден эле Жараткан Теңирим, Теңирчилер, Теңирден сурап деген сөздөрдү көп колдонушкан. Ишенбесеңер Кыргыздар, Сынган кылыч, Каныбек деген кыргыздын чыгармаларын окуп чыккыла. Кудай Таала деп, Жараткан Алла деп кайрылышчу, АллаХ деп айтчу эмес, бул арабдардын сөзү.
+4
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-01 08:23:48
ashuular_plus, ал убакта элдердин диний сабаты төмөн болчу. Азыр Кудайга шүгүр баарын билүүгө болот го.
0
Nursul
2020-06-30 21:18:33
roklait, ушулар жөн эле кыжырга тийиш үчүн эле жазып аткандай болуп калды
0
Baktigul-Kalmatova
2020-06-30 17:16:23
Омурун берсин бобоктун. Эгиздер жакшы орчубой калыптыр да
+2
filis
2020-06-30 17:20:14
Тенирим омур берсин ушул наристелерге.
0
erbol1998kg
2020-06-30 22:33:43
Тенирим наристеге ден-соолук берсин!!! омийин!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан