Ош. Кыздарды турмушка чыгууга даярдоочу курс ачылат

Ош шаарындагы борбордук мечитте кыздарды турмушка даярдоочу атайын курс ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди. "Мечиттин алкагында бул жаатта чоң программа түзүлдү. Окутуу курсунун максаты - азыркы коомдо жаштарга нике, үй-бүлө маселеси, үй-бүлөдөгү аял-эркектин жана кайнене, кайнатанын орду жөнүндө маалымат берүү",- дейт ал. Муну менен үй-бүлөдөгү ажырашууларды азайтууга болот деп эсептейт казы. "Кыздарды турмушка даярдоочу курс Орто Азия мамлекеттеринде биринчи жолу бизде ачылганы жатат. Курстан окуу акысыз, мөөнөтү 1-2 ай болот. Жалаң эле жоолук оронгон кыздар эмес, туруктуу үй-бүлө күтүүнү максат кылган бардык кыздар окуса болот. Демилгени муфтият да колдоого алды",- деп кошумчалады Сарыбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан