
Түркиядагы токойлордун биринде репортаж жасап жаткан журналисттин үстүнөн тик учак суу төгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, окуянын видеосун жарыялашкан.
Анда Стамбул шаарындагы токойлордун биринде өрт чыкканы маалымдалат.
"Журналист өрттү өчүрүү үчүн көрүлгөн аракеттер тууралуу түз эфирде сүйлөп жаткан. Ал жакшы кадр алуу максатында ылайыктуу жерди карайм деп тик учактан төгүлгөн сууга туш келип калган. Буга карабай, журналист түз эфирди улантып кеткен. Маалым болгондой, токойдон чыккан жалынды токтотууга 60 өрт өчүрүүчү жана 2 тик учак тартылган. Өрт токойдун 1 гектардан ашык аянтын жалмап кеткен", - деп жазылат маалыматта.