АКШда 27-июнда коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны рекордго жеткен, анда бир күндө 45 миң адамдан вирус табылган.
Ал эми Германияда эт иштетүүчү комбинатта байланыш көптүгүнөн 600 миң адамга чектөө киргизилсе, 7 миң адам карантинге алынган.
Израилде болсо, июнь айына чейин абал жакшы болуп көрүнгөнү менен өткөн аптадан баштап бет кап кийүү эрежелери күчөтүлдү. Булардын бардыгы көпчүлүк айтып жаткан пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн экендигин жана ал кандай өтөрүн чет элдик маалымат булактары төмөнкүдөй жазышкан.
Кырдаал татаалдашууда. Кээ бир өлкөлөрдө экинчи толкун дагы деле байкала элек, башкаларда бир эле экинчи эмес, үчүнчү да толкунду көрүп жатабыз. Мындай болуп жаткандыгынын жалпы себептери бардык жерде кырдаал ар башкача. Көп нерсе эпидемия менен күрөшүүдө расмий жарыяланган тартиптер эмес, ар бир адамдын жүрүм-турумуна, эрежелерди так сактоосуна да байланыштуу. Бул чындыгында Американын учурдагы абалын толугу менен чагылдырат. Анда апрелдин ортосунда өлкөдө күн сайын катталгандар орто эсеп менен 30 миңге жакын болуп жаткан, ал эми акыркы эки аптадан бери болжол менен ушундай эле санда вирусту жугузгандар катталган. Ошондон бери АКШда инфекциянын деңгээли 18 миңден төмөндөгөн эмес. Кээ бир штаттарда экинчи толкун болуп жатса, айрымдарында үчүнчүсү да болуп жатат. Бирок бул толкун экендигин так билип, алардын тартибин аныктардан мурун жалпысынан толкун деп эсептелген түшүнүк эмне экенин билүүбүз керек.
Экинчи толкун деген эмне?
Экинчи толкун - бул эпидемиологиялык моделдөөдөн келип чыккан түшүнүк. Мисалы, карантин чаралары алып салынганда же улантылса илдеттин жайылуусу тездейт. Мындай өзгөрүүлөр күтүлүп жаткан өсүшкө алып келет, аларды оңой эле өлчөөгө жана санап алууга болот.
Ошондуктан экинчи толкун жөнүндө олуттуу сүйлөшүүдөн мурун алгач маалыматтарды орточо алуу принциптери менен макулдашуу керек. Башкача айтканда, кайсы мезгилдер жетиштүү жана инфекциянын канчалык деңгээлде жайылышын толук кандуу экинчи толкун деп эсептесе болот, кайсынысы кокустуктарга жакын жана башка ушул сындуу суроолорго жооп болушу керек.