Рамзан Кадыров Владимир Путинди өмүрүнүн аягына чейин президент кылып шайлоону сунуш кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусия президенти Владимир Путинди өмүр бою президент кылып шайлоого чакырды. Бул тууралуу ал жергиликтүү бийлик менен жолугушуу учурунда айткан. Жолугушуунун видеосун Кадыров өзүнүн телеграм каналына жарыялады.

"Мен дайым айтып келем, биз Владимир Путинди өмүр бою президент кылып шайлашыбыз керек. Бүгүнкү күндө аны ким алмаштыра алат? Дүйнөлүк масштабда мындай саясий лидер жок. Биз ушуну менен сыймыктанышыбыз керек", - деген Кадыров.

Буга чейин Кадыров Путинге мураскор издебей, тескерисинче аны иштетиш керек деп айткан. Анын ою боюнча, бул Орусиянын коопсуздугун коркунучтардан коргоого жана эл аралык беделдин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
natasha00
2020-07-01 11:46:08
Эн туура
+2
AdylbekB84
2020-07-01 12:02:02
Туура мен дагы колдоймун бирок бул сөз президент айта турган сөз эмес болчу, пахта койгондой болуп калат экен! Жөнөкөй жаран айтса жарашмак!
+4
altyn7776
2020-07-01 13:40:59
AdylbekB84, пахтаны биздикилер коет, анан колунан пок да келбейт. Грозныйды барып корчу тууган, кандай гул кылып койгон! Баары Россиянын жардамы жана Рамзандын жетектоо ийгилиги!
+3
bond02
2020-07-01 12:10:13
Зарылбек.
+3
Sara2014
2020-07-01 20:03:59
Мыкты лидер.
0
KaGaH
2020-07-02 04:02:14
Путин ууру жана киши өлтүргүч, билбей туруп сүйлөй бербегиле,оруссиядагылар жакшы билишет,1999 жылы Москвада жилой домдорду Путиндин буйругу менен фсб жардырган,чечендерди жаман көрсөтүш үчүн теракт деп,Украинадагы жикчилдерди колдойт,канча деген күнөөсүз адамдар өлүп жатат, Оруссиянын байлыгын бир ууч адамдар эле колдонуп жатышат,Путиндин еврей олигарх достору,путнди колдогондорду оруссияда кремлебот деп коюшат,так что туугандар көздү ачкыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан