Тажикстанда коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдады

Бүгүн, 1-июлга карата Тажикстанда 54 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Бир сутка ичинде коронавируска байланыштуу адам өлүмү катталган жок. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5 миң 954 адамга жетти. Аталган өлкөдө жалпысынан 52 бейтап бул оорудан көз жумду.

Эске салсак, Тажикстанда коронавирус илдети аныкталганы алгачкы жолу расмий түрдө 30-апрелде белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан