Казак дин аалымы Абдугаппар Сманов каза болду

Боордош казак элинин белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Смановдун кесиптештери маалымдашты.

Азырынча Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары аалымдын эмнеден улам каза болгонун жазыша элек.

Бул тууралуу Чубак Жалилов да расмий баракчасына билдирүү жазып чыкты.

"Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин бейиш кылсын! Кудай жолунда кылган эмгектерин Кудайым өзү кабыл кылсын!

Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Даават сапарларында бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Кудай Таалам жаткан жериңизди бейиштен кылсын!", - деп жазат Жалилов.

Абдугаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) "Магрифат" медресесинде диний билим алган.

1994-жылдан бери ал “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу.

2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап аталган колледждин директору болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
muslima-0788
2020-07-01 15:57:13
Аллахым бейишинен берсин.Ото ото жакшы коруп угат элем масаласин.
+5
gafurova01
2020-07-01 16:03:52
Аллахым Фирдаус бейишинен орун берсин устазга
+7
mirana9395
2020-07-01 16:55:26
Кантип эле ишенбей турам.тушто эле видиолорун коруп аттым эле.эми бул жакта мындай кабар.Жаткан жериниз жайлуу болсун.ардайым журогубуздо каласыз жакшы создор тарбияныз мн.
+6
Anikin83
2020-07-01 17:05:58
Урматтуу момун мусулмандар, Аллахым Абдугапар агабыздын жаткан жерин жайлуу топурагын торко кылсын,кылган эмгектери учун Фирдаус бейишин насип кылсын.Бул жерде шайтан азгырган адамдар менен айтышкандын пайдасы жок баарыбызга сабыр,аларга Аллахым озу хидаят берсин!
+6
AibekAjikulov
2020-07-01 17:21:54
Ассаламу алейкум баарыбыз Жараткан Аллахка кайтуучубуз, аттин, орду толгус жоготуу, Жараткан Аллахым ырахматына алып, билип, билбей кылган куноолорун кечирип, жаткан жерин Бейиш бакчаларынан кылган болсун. Жакындарына сабыр берген болсун
+6
boston___
2020-07-01 18:01:14
аллахым жайын жаннаттан кылсын кабарды окуп козумо жаш келди
+4
Gospozhatsetok
2020-07-01 19:30:05
Жаткан жери жаннаттан болсун, не деген улуу инсан эле. Ар бир айткан созундо акылмандык, даанышмандык бар болчу. Сиз олсонуз да сиздин создорунуз мусулман уул-кыздарынызга сабак болуп кылымдан кылымга сакталат.
+3
Dushabolna
2020-07-01 20:48:15
Ислам силерди аркага тартып атабы?
Жаны заман кура албайсынар дейсинер да.
Ислам дини Бир жолу болсо да жаман нерсеге уйроттубу.коруп атабыз ислам дининен алыс адамдарды. Ото чектен ашып баратышат.
+3
TAN889117
2020-07-01 23:11:31
Жайы жаннатда болсун.
+2
Nargiza1987k
2020-07-02 01:05:53
Жаткан жерин жайлуу кылсын АЛЛА ТААЛАМ амиин
+1
asash
2020-07-02 01:36:16
Ааламдын белгилуу ислам аалымы каза болду, казак элине, уй булоосуно конул айтабыз, Аллахым бейишитин торунон орун берсин,таасирдуу маселелери менен канча адамды туура жолго салууга себепкер болду, атаганат омур ушундай тура!
+1
medetbek
2020-07-02 01:55:51
Мына негатив комент жазгандар аман эле болгула!же каапыр эмес же мусулман эмес
+1
Nursul
2020-07-02 09:51:41
Аллах өз ырахматына алсын. Көп насааттарын уктук эле
+1
Usow
2020-07-02 10:11:06
Инна лиллахи ва инна илайхи ражиьун
0
rtuiop
2020-07-02 11:09:23
Бейиши болгур
Суперди тенирчилер басып кеткенби же силерге Тенирим деп жазган кызыктуу болуп атабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан