“Енисей” кафесинде ууланып, ооруканага түшкөн бейтаптардын 25и үйүнө чыгарылды

Бишкектеги “Енисей” кафесинде ууланып, ооруканага түшкөн бейтаптардын 25и чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Айтымында, учурда ооруканада 57 адам дарыланууда. “Бейтаптардын абалы жакшы. Дары-дармектер менен оорукананын эсебинен камсыздалып жатышат”,- деди ал. Эске сала кетсек, “Енисей” кафесинде 6-сентябрда кыз узатуу тою болуп, андан соң ууланган 103 адам ооруканага жеткирилип, кийинчерээк уулангандардын саны 123кө жеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан