Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров отставкага кетти. Бул тууралуу маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мекеменин маалыматы боюнча, Нурбек Кадыров Япония өлкөсүнө эки жылдык программанын алкагында окууга кетип жатат. Буга байланыштуу ал кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов вице-мэрдин отставкасын кабыл алып, тиешелүү буйрукка кол коюлганы айтылат билдирүүдө.