Сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган кичи автобус каттамдан четтетилди

Бүгүн, 10-сентябрда Жол кайгуул кызматынын айып төлөнүүчү атайын жайына сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган кичи автобус токтотулганын аталган кызматтын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиев өзүнүн интернеттеги баракчасында жарыялады. Маалыматка ылайык, 240-каттамдагы кичи автобустун сыртына чапталган сүрөттөр ишканалардын бирине таандык. “Мыйзам боюнча унаалардын сыртына сүрөт тартууга же бир нерселерди жазууга атайын уруксат алыш керек. Ал эми артына сүрөт тартканга, жазуу жазганга болбойт. Бул айдоочу эми айып пул төлөп унаасын алып кетсе болот. Бирок каттамга кемчиликтери оңдолгон соң гана кошула алат”,- деди Мурзалиев. Ошондой эле Мурзалиев бул кичи автобустун арткы терезеси да тосулган абалда экенин билдирди. “Жүргүнчүлөр таза аба менен дем алып турушсун” деп арткы эшигине желим бөтөлкө тиреп, ачып коюптур”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан