Бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу мас болгон күйөөсүн бычактап өлтүрүп койду. Окуя саат 02:30 чамасында болуптур. Күйөөсү үйүнө мас болуп келип аялын сабап баштайт. Бул учурда аялы муздаткычтын үстүндө турган ашкана бычагын алып, күйөөсүн жети жолуп сайып салганын Ош ШИИБи кабарлады. Каза тапкан жаран 1974-жылы туулган Ибрагим Маткасымов. Учурда кылмышка шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.