АКШда 24 жаштагы Марта Бустос аттуу кыз өз алдынча косметика жасайм деп көзүн күйгүзүп алып, көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кыз косметика жасоо үчүн химиялык аралашмаларды даярдап жаткан, бул учурда натрий гидроксиди бар аралашма анын көзүнө чачырап кеткен. Мартаны шашылыш түрдө ооруканага жеткиришкен. Ал ооруканада 2 апта жатып, көзүнө бир нече жолу операция жасалган. Дарыгерлер анын көзүндөгү чел кабыкты алмаштыруу керектигин айтышкан. Марта өзү испаниялык, бирок сүйгөнү АКШда болгондуктан ошол жакка көчүп барган. Мындан улам анын медициналык камсыздандыруу документи жок, операциялардын чыгымдарына элден акча топтоого туура келген. Түгөйү Дэвид анын жанында болуп, оор учурда колдоо көрсөтүп жатканы жазылат маалыматта. Марта кайрадан бул жарыкты көрөм деген ишеними чоң экенин айткан.