8-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында Оштун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында жол кырсыгы болуп бир окуучу каза болду. Аталган айылдагы 9-класстын окуучулары “ГАЗ 2401” автоунаасы менен 8 жаштагы кызды сүзүп кетишти. Жаракат алган кыз ооруканага жетпей каза тапканын Ош ОИИБи кабарлады. Белгилүү болгондой, окуучулардын бири автоунааны үйүнөн уруксатсыз айдап чыгышкан экен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.