Жогорку Кеңешке бүгүн, 10-сентябрда өкмөттүн, «Кыргызалтын» ишканасынын жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол коюлган «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум келип түштү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн өкмөттүн «Кумтөр» долбоору боюнча маалыматы жана меморандум ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча, Бюджет жана финансы боюнча, Эл аралык иштер боюнча, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттеринин, ошондой эле парламенттик фракциялардын кароосуна жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, аталган документтер алгач ЖКнын тармактык комитеттери менен фракцияларында талкууланып, андан соң парламенттин жыйынында каралат.
Эске салсак, парламент ушул жылдын 5-июнунда Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 21-февралында кабыл алган «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик ишинин жыйынтыктары жөнүндө» токтомдун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын уккан. Анда Жогорку Кеңеш «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алып, сүйлөшүүлөр жыйынтыгы 10-сентябрда каралмак.